Шайырбек Арапов
Эмки Көчмөндөр оюндарын КТРКнын жабдыктары менен түз алып көрсөткөнгө мүмкүн болду.
КТРК СПОРТ - Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамындагы Кыргызстандагы биринчи спорт көрсөтүүлөрүн чагылдырган телеканал.
Каналдын негизги максаты-сергек жашоого үндөө менен дүйнөлүк жана жергиликтүү спорт жаңылыктарын кеңири көргөзүү. Жаңыдан кадам таштап жаткан каналдын программалар торчосунун 50 пайызын жергиликтүү берүүлөр жана дүйнөлүк таймаштарды түз алып берүү менен КТРК тарабынан даярдалган спорт программалары түзөт.
Аталган каналдын продюсери Шайырбек Араповду кепке тартып, каналдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорду узаттык.

2017-жылдын 15-декабрында КТРК СПОРТ телеканалы 2 жашка толду. Бул аралыктан бери канал өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, көрөрмандарынын үмүтүн актаганга, өз аудиториясын кеңейтүүгө жетишти.
КТРК СПОРТ каналынын ачылышы, 15.12.15

КТРК СПОРТТУН контентинде кандай кемчиликтер менен артыкчылыктар бар?
-Канал эми толук кандуу иштей баштады.Дагы да пландар көп, бирок ага адамдык жана техникалык ресурстар толук жетиштүү деп айтуу кыйын. Бирок ага карабастан азыркы учурда, өздүк көрсөтүүлөрдөн "Спорт сыймыктары", "Тайм-аут", "Арена", "Чемпион", "Суроо", "Футболго баяндама", жана атайын спорттук чыгарылыштар чыгып, элдин купулуна толо баштады.Элдер ушул программаларды тиги же бул спортчуну көрүүнү каалашарын айтып турушат. Эң көп талап жогорудагы көрсөтүүлөргө, бул көрсөтүүлөр жума сайын эфирге чыгат. 2018-жылдын башынан баштап жумалык спорттук оюндарды талдаган "Спорт сереп" аналитикалык маалымат программасы эфирге чыга баштайт. Андан сырткары дагы жаңы төрт долбоор ишке ашат. Алардын баарын убактысы келгенде спорт ышкыбоздору экрандан көрүшөт.
Эмки Көчмөндөр оюндарын КТРК СПОРТ өздүк жабдыктары менен көрсөтүүгө күчү жетеби?
-Буйруса Көчмөндөр оюндарын толугу менен КТРКнын техникасы менен көрсөткөнгө мүмкүн деп айталам. Анткени жаңы форматтагы HD КТС (көчмө телестанция) сатып алынды. Андан сырткары КТРКда дагы КТСтер бар ошоллордун жардамы менен толук кандуу түз эфирде спорттук бардык оюндарды көрсөтө алабыз. Ал үчүн РРТБнын жана КТРКнын кызматкерлери толугу менен иштөөгө даяр.
Күч биримдикте!
Иш учурунда.
Каналды жетектөө абдан кыйын болсо керек, анткени ар бир кызматкердин кыялы ар башка дегендей?

-Каналды жетектөөдөн мурун каналдын иштөө тартибин, сеткасын түзүү абдан чоң машакатты жаратты. Анткени буга чейин спорт каналы болбогондуктан кыйын эле болду, бирок акырындык менен баарын жолго койгонго жетиштик. Каналда иштеп жаткан кызматкерлердин баарынын каналды өнүктүрүүгө кошкон салымы өтө чоң. Анткени 24 саат бою эфирди жабуу ошол кызматкерлердин ишмердүүлүгү менен толуп келе жатат. Албетте ар биринин өзүнүн кыялы бар, бирок менде да кыял бар. Мен ойлогон пландалган нерселердин болгону 5% гана ишке ашты, алдыда кыла турган ишим абдан көп. Мүмкүн кесиптештеримдин ичинде мен продюсер болсом мындай кылып кыйратып жиберет элем дегендери бар болсо керек (күлүп), бирок азырынча андай кызматкерлеримди байкай элекмин, байкатпай жатат окшойт. Жетекчи болуу абдан кыйын, бирок жамаатымда жакшы кызматкерлер басымдуулук кылгандыктан начарлары байкалбай калат окшойт. Ар биринин өзүнө жүктөлгөн милдеттери бар. Аткарып жатышат. Эң негизгиси эфирди кечиктирбей берилген тапшырмаларды аткарууга аракет күч. Кемчилдиктер деле бар, бирок аларды болтурбоого аракет кылып жатабыз.
Бизди сындагандар арбын...

-"Бүткөн ишке сынчы көп" деп коёт эмеспи. Арбын ийгиликтер болду. Бирок ага карабастан ар кандай сын-пикирлер айтылды. Күйөрмандар
комментаторлордун ишмердүүлүгүн сындап жатышты.Кемчилдиктер болгон учурларда аны моюнга алып алардын сын-пикирлери менен макул болуп жаттык. Кээ бир учурларда таптакыр аша чаап сындагандар да чыгышты, аларды каналга кызматташууга, эфирге комментатор болуп иштешүүгө да чакырдык. Интернет, телефон аркылуу сындаган сынчылардын бири да даап келе алган жок.
КТРК СПОРТ 2 жылдын аралыгында кандай ийгиликтерге жетишти?
-"Бүткөн ишке сынчы көп" деп коёт эмеспи. Арбын ийгиликтер болду. Бирок ага карабастан ар кандай сын-пикирлер айтылды. Күйөрмандар
комментаторлордун ишмердүүлүгүн сындап жатышты.Кемчилдиктер болгон учурларда аны моюнга алып алардын сын-пикирлери менен макул болуп жаттык. Кээ бир учурларда таптакыр аша чаап сындагандар да чыгышты, аларды каналга кызматташууга, эфирге комментатор болуп иштешүүгө да чакырдык. Интернет, телефон аркылуу сындаган сынчылардын бири да даап келе алган жок.
КТРК СПОРТ 2 жылдын аралыгында кандай ийгиликтерге жетишти?
2 жыл айтылганы көп болгону менен, карап көрсөк аз эле убакыт. Ошого карабастан, 2016-жылы Европа Чемпионатын, жайкы олимп оюндарын, эл аралык деңгээлдеги көп оюндарды түз эфирде берүүгө жетише алдык. Ла жана Бундес лигаларынын оюндары, Футзал боюнча "Азия Чемпионаты 2016га" (Ташкент шаары) Кыргызстан катышкан, Топ Лига Кыргызстан 2016-17, Волейбол боюнча ДЧ 2016-17, Снукер ДЧ 2016, РИО 2016 Паралимпиада, Чемпиондор Лигасы 2016-17 жана 2017-2018, АПЛ 2016-17 жана 2017-2018, Европа Лигасы 2016-17 жана 2017-2018, РИО-2016, "Көчмөндөр оюндары 2016", КР Футзал боюнча Чемпионаты 2016, Эрежесиз эр уруш JFC, Эрежесиз эр уруш ONE FC, Эрежесиз эр уруш WEF, Билярд ДЧ 2016, Самбо Эл аралык турнир КР 2017, Кубок Мэра г.Бишкек 2017 Грек-Рим күрөш 2017, Мэрдин Кубогу: Бишкек эркин күрөш 2017, дзюдо боюнча кадеттер арасындагы Азия Чемпионаты, ат чабыш КР Президентинин Кубогу 2017, Көк бөрү боюнча КР Президенитинин Кубогу 2017 андан сырткары дагы абдан көп Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык жана ички чемпионаттарды көрсөтүүгө жетиштик.
Кесиптештеримдин ичинде мен продюсер болсом мындай кылып кыйратып жиберет элем дегендери бар болсо керек (күлүп), бирок азырынча андай кызматкерлеримди байкай элекмин, байкатпай жатат окшойт. Жетекчи болуу абдан кыйын, бирок жамаатымда жакшы кызматкерлер басымдуулук кылгандыктан начарлары байкалбай калат экен кургурдуку.
Шайырбек Арапов
КТРК СПОРТТУН берүүлөрү интернет баракчасына жайгаштырылат.
Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан ички чемпионаттарды жана эл аралык спорттук мелдештерди көрсөтүүгө көп көңүл бурулабы?
-Ушул жерден бир нерсени айта кетишим шарт. КТРК СПОРТ Кыргызстандагы көп спорттук оюндарды чагылдырууга кызыкдар. Бирок уюштурулуп жаткан оюндардын көпчүлүгү телеканалдын талаптарына жооп бербейт. Мен баса белгилеп айта кетишим керек, Кыргызстанда Улуттук дзюдо федерациясы, Футбол федерациясы, Бокс федерациясы абдан жогорку деңгээлде даярданышып оюндарды өткөрүшөт. Калган федерациялардын даярдыгы, абдан төмөн, кээде аларды көрсөтүүгө уяласың, айла жоктон атайын репортаж берип эфирге чыгарабыз. Кээ бир турнирлер акча жасоо үчүн же өткөрүлдү деген отчёт үчүн гана уюштурулгандай сезилет. Спортчулар абдан көп, сааттары так эмес, протоколдорду өз убагында алуу таптакыр мүмкүн эмес. Ал эми эфир, так убакытты талап кылгандыктан, мындай учурларда тартпай жана көрсөтпөй коюу укугубуз бар.
КТРК СПОРТко комментаторлорду кайсы талаптар менен тандап аласыздар?
-КТРК СПОРТ каналы жаңы ачылганда, комментаторлор жок абдан эле кыйын болгон. Анткени Кыргызстанда комментаторлор үчүн атайын мектеп болбогондуктан болсо керек. Канал ачылганга чейин Кыргызстанда спорт журналистери гана болгон деп айтса болот. Абдан кыйын болду, комментаторлорго бир нече жолу конкурс өткөрүп дагы талапка ылайык тандай алган жокпуз. Кийин конкурстан өткөн комментаторлор эфирге чыгып көрүштү, арасында дээринде барлар бар экен, эфирде кыйналса да бирок такшала баштады. Азыркы комментаторлордун көпчүлүгү тандоодон кийин келип, аракет кылып даярданышып чыгып жүрүп такшалгандар. Биринчи конкурстан тандап алгандар иштей алган жок. Албетте эки жылдын ичинде көп комментаторлор келип кетти, ошолордун ичинен азыркы учурда баяндап жаткандар баарына чыдап, такшалып, тажрыйба топтоп калышты.

Баяндамачылардын айлык-маянасы азбы көпбү?
-Баяндамачылардын атайын ай сайын алуучу маянасы жок. Анткени штаттык бирдик жок болгондуктан баяндамачылар калем акы алып иштешет. Жакшы иштеп, эфирге көп чыгып жана каналдын ичинде программаларды жасагандар жакшы калем акы алышат. Ошол алган калем акысы менен эле баарына жеткирип жашап жаткан тың балдарым көп.
Ла Лиганы эмне себептен көрсөтпөй калдыңыздар?
-Ла Лиганын былтыркы сезонун көрсөткөнбүз. Быйылкы сезонун алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Анткени демөөрчүлөр жок. Канал өзү лицензияны сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Канал ачылганы менен бюджеттин баарын КТРКдан алабыз. Кийинки сезондорго мүмкүн демөөрчулөр чыгып калса, Ла Лиганы алып калышыбыз мүмкүн.
КТРК СПОРТТУН кызматкерлери
КТРК СПОРТТУН алдыга койгон пландарын айта кетсеңиз?
-Канал жыл сайын контентин өзгөрүтүп туруусу абзел эмес. Анткени спорттук гана тармак болгондуктан бул тармактагы жыл сайын болуп жаткан чемпионаттарды, турнирлерди жана спорт тематикасындагы программаларды эфирге чыгарат. Кыргызстанда футбол күйөрмандары абдан көп болгондуктан дүйнодөгү рейтингдүү чемпионаттарды жыл сайын көргөзүүгө аракет кылып келебиз.Бирок спорт чоң акчаны талап кылган тармак.Ошондуктан көп эл аралык чемпионаттардын лицензиясы өтө кымбат турат.Ошого карабастан КТРКнын Башкы директору Илим Карыпбеков колдоо көрсөтүп лицензияларды алганга аракет көп болууда.2016-2017-жылдар аралыгында эле спорттук турнирлерди көрсөтүүгө көп лицензия алынды.Алдыда боло турган эл аралык чемпионаттарды көрсөтүү үчүн да аракеттер болуп жатат.
Автор: Усубалы Мамбетов
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website